"Планетанын кара кутусу; Антарктида" даректүү тасмасы ТРТда көрсөтүлөт

Бул туурасында министр Варанк билдирди.

1493358
"Планетанын кара кутусу; Антарктида" даректүү тасмасы ТРТда көрсөтүлөт

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, 4-Улуттук Антарктида илимий сапарынын даректүү тасмасы, быйыл Авиация, космос жана технология фестивалы Текнофесттин алкагында Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) экрандарында көрсөтүлөрүн айтты.

Министр Варанк 4-Улуттук Антарктида илимий сапары үчүн даярдалган "Планетанын кара кутусу; Антарктида" аттуу даректүү тасманын таанытуу видеосун өзүнүн Твиттер баракчасынан бөлүштү.

Бөлүшүүсүндө "Ак континент" үчүн «Ээси, желеги, борбору, жергиликтүү эли жана расмий убакыты жок. Түрк окумуштуулары планетанын кара кутусу болгон Антарктиданы чечмелеп жатышат» деп баа берген Варанк, 4-Улуттук Антарктика илимий сапарынын чоо-жайынын Teknofest-2020 фестивалынын алкагында жарыялана турган даректүү тасмада түшүндүрүлөөрүн билдирди.

Даректүү тасма 24-27-сентябрь күндөрү Газиантеп шаарында өтө турган Teknofestтин алкагында "Планетанын кара кутусу; Антарктида" деген аталышта ТРТ-1 жана ТРТ-Даректүү тасма каналдарында көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар