Кураан Керим төрт тилге которулду

Болгарь тилиндеги Кураан Керим Болгариянын муфтийлиги жана дин иштери башкармалыгы кеңешчилигинин кызматташтыгы менен таркатылат.

871752
Кураан Керим төрт тилге которулду

Кураан Керим болгарь, өзбек жана Африканын чеважа жана шонажа жергиликтүү тилдерине которулду. Ушундайча дин иштери башкармалыгынын «Эч бир тил курансыз калбасын» деген ураан менен баштаган проекти менен Кураан Керим төрт тилге дагы которулду.

Кураан Керимдин бүткүл адамзатка туура түшүндүрмөсү менен жеткирилишин күткөн Дин иштери башкармалыгынын чет тилдерде жана диалектилерде диний басылмалар мекемесинин төрагалыгы ар башка өлкөлөрдөн келген талаптардын негизинде Кураан Керим түшүндүрмөсү менен басылып чыгарылды.

Болгарь тилиндеги Кураан Керим Болгариянын муфтийлиги жана дин иштери башкармалыгы кеңешчилигинин кызматташтыгы менен таркатылат.

Өзбекстандык бир аалым жазган Кураан Керимдин түшүндүрмөсү Өзбекстанда жана башка өлкөлөрдөгү өзбектерге жеткирилет. Башкармалык тарабынан Африка, Латын Америка менен Азия Тынч океан диний лидерлеринин саммиттеринде башка өлкөлөрдөгү мусулмандардын муктаждыктары аныкталды. Келген суроо  - талаптардын негизинде Африканын чеважа жана шонажа жергиликтүү тилдеринде басылган Кураан Керимдин түшүндүрмөлөрү Зимбабве жана Малавиде таркатылат. Фарсча Кураан Керим түшүндүрмөсүнүн болсо келерки жылы которула башташы пландалууда.

 



Тектеш кабарлар