Медиа сыйлыктарынын ээлери

ТРТ 5 башка тармакта сыйлык менен сыйланды.

589105
Медиа сыйлыктарынын ээлери

Анадолунун берүүлөр бирикмеси, медиа сыйлыктарынын ээлерин жарыялады.

Түркиянын алдыңкы телеберүү мекемеси ТРТ беш башка тармакта сыйлык менен сыйланды. 15-июль түнү Түркиянын ойлогону ТРТ эле. Улуттун телеканалына төңкөрүшчүлөр кирип барып, кызматкерлер барымтага алынып, курал-жарак менен коркутулуп жалган билдирүү окутулган болчу. Эл болсо көкүрөгүн окко тосуп ТРТны төңкөрүшчүлөрдөн кайра алды.

15-июлдагы төңкөрүшкө каршылыктын символдорунан болгон ТРТга «Жылдын мыкты телеканалы» сыйлыгы ыйгарылды. Сапаттуу долбоорлору менен ТРТ экрандарынын өзгөрүшүнө жетекчилик кылган ТРТнын башкы директорунун орун басары Ибрахим Эрен экинчи жолу «Жылдын мыкты медиа-менеджери» болуп тандалды.

ТРТ-1 каналында көрсөтүлгөн «Сүйүү куштун канатында» аттуу сериал «Жылдын мыкты сериалы» болду. Бул сериал 1970-жылдарды биринчи жолу улуттук көз караш менен чагылдырган. Анда бир муундун баяны түшүндүрүлүп, төңкөрүштөргө каршылыкты тема кылган.

Ар бир бөлүмү рекорддук рейтингге жеткен ТРТ-1 каналынын баш тартылгыс «Дирилиш» сериалы да сыйлыкка татыктуу көрүлдү. Жаңы муунга үлгү болгон, улуттук аң-сезимди ойготкон сериалдын Халима айымы Эсра Билгич Жылдын мыкты аял каарманы деп табылды.

Кээде капага салган, кээде ойлондурган «Өмүр дегениң...» аттуу программа да сыйлык менен сыйланды. 2009-жылдан бери ТРТ Хабер каналында көрсөтүлүп келе жаткан жылдын мыкты даректүү программасы болду. Сыйлыктар 6-декабрда ээлерине тапшырылат.



Тектеш кабарлар