Коргонуу боюнча улуттук долбоорлор - 7

Вежихи Хүркуштан ХҮРКУШ учактарына

1059960
Коргонуу боюнча  улуттук долбоорлор  - 7

Стамбул мэрдиги жана Т3 фондунун жол башчылыгында Түркияда биринчи жолу өткөрүлгөн авиация, космос жана технология фестивалы «ТЕКНОФЕСТ ИСТАМБУЛ» 20 – 23 -  сентябрь күндөрү өттү. Т3 фондунун куруучуларынан Селчук Байрактар фестивалды таанытуу жыйынында сүйлөгөн сөзүндө фестивалдын улуттук технология кыймылы үчүн абдан маанилүү экендигин айтты. Фестивалдагы жарыштар, семинарлар бул сөздү тастыктаган мүнөздө эле.

Түрк Харб  - иш профсоюзунун билим берүү директору Таркан Зенгиндин тема тууралуу билдирүүсү.

Фестивалда көрсөтүлгөн ХҮРКУШ ошол эле учурда абада өз жөндөмдүүлүгүн көрсөттү. Хүркуш учактарын көрүп жатып өлкөбүздүн авиация тарыхында маанилүү бир орду болгон Вежихи Хүркүштун баяны эсиме түштү. Жаш эле туруп маанилүү иштерди аткарган Вежихи Хуркуш менен кубанычты сезген жаштардын көрүнүштөрү өлкөбүздүн келечегине үмүт берип жатат. Вежихи Хүркушка берилген мамлекеттик колдоо бул жолу жаш ойлоп табуучулардын жолун ачууда. Ансыз да Вежихи Хүркуш бул абал тууралуу төмөнкүчө сөздөрдү айткан : «Кыдырган чет өлкөлөрдүн авиацияны кандай баштагандыгын, кандай ательелерди  курушкандарын абдан жакшы билчүмүн. Баарыдан мурда улуттук ишенич жана колдоо бул жолдогу ийгиликтин бир гана чарасы эле. Мен да ийгиликтүү болуу үчүн буга муктаж элем. Колубуздан алына албай турган бир гана эркиндик, кыла турган мамилебизди тандоо эркиндиги. Мен Вежихи Хүркуш өлкөм үчүн кызмат кылып, фамилияма ылайык болдум. Менин эркиндигим, улуттук көз карандысыздыкка бир гана жолдун улуттук өндүрүштөн өткөнүнө болгон ишеничиме өмүрүмдү арноом эле. Себеби башкаларынын канаттары менен учууга аракет кылгандар «Хүркуш» башкача айтканда "эркин куш" боло  алышпайт». Бүгүн Түркия коргонуу тармагында өз канаттары менен учуу үчүн ишенүү менен келечекке карай жүрүшүүдө.

Вежихи Хүркуш 1896 -  жылы Стамбулда туулган. Кичинекей жашта атасынан айрылат. Түркиянын авиация тарыхынын эң негизги ысымдарынын бирөөсү жана жашагандары менен кайгылуу бир баяны бар. Анын авиация тарыхына өтүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн көп сандаган ийгилиги бар. Мисалы Кавказ фронтунда кызмат кылган 1917 -  жылы душман учагын түшүргөн алгачкы түрк учкучу. Өз аты менен аталган учактарды чыгарган алгачкы учак конструктору. Түркиядагы биринчи учуу мектебинин куруучусу жана алгачкы аял учкуч чыгарган мугалим. Биринчи авиация мектебинин куруучусу. Түркиянын биринчи аба жолу фирмасы Хүркуш аба жолдорунун куруучусу. Важихи Хүркуш 102 башка моделдеги аскердик жана жарандык учак менен учкан биринчи учкуч. 1916 – 1967 -  жылдардын арасында аткарган 30 миң сааттык учуу менен маанилүү рекорддордун ээси. Боштондук согушуна ыктыярдуу болуп катышкан. Ошол эле учурда ийгиликтүү чалгындоо учуштары менен бир грек учагын түшүргөн. Ийгиликтеринен улам Түркия Улуттук Парламенти тарабынан «Эркиндик» медалы берилген.

Вежихи Хүркуш  алгачкы учагы Vecihi K VIны чыгарды жана алгачкы учушун 1925 -  жылы ишке ашырды. 29 жашындагы жаш адам чектүү болгон мүмкүнчүлүктөргө карабастан биринчи учагын жасады. Бирок Вежихи Хүркушка ийгилигинен улам сыйлык бергендин ордуна жаза берилди. Уруксатсыз учту деген негиз менен айлык маянысынын жарымы алынды жана 10 күн үй абагы берилди. Бул жазадан улам армиядан чыкты. Бул абалга 1925 -  жылы жарыялаган жазуусунда  : «Биз аскер экенибизди унутуптурбуз, буйрукка каршы чыккан элек»,- деп капалангандыгын билдирген. 1954 -  жылы курган Түркиянын алгачкы жарандык аба жолу фирмасы болгон Хүркуш аба жолдорунун башына да ушундай нерселер келген. Түрк аба жолдору колдон чыгарган учактарды оңдоп бир флот курган. Учуулары токтотулуп, учактарына саботаж жасалып, ийгиликтүү болушуна тоскоолдуктар болгон.

Вежихи Хүркуш Кадыкөйдө арендага алган бир жыгач дүкөнүндө үч айдын ичинде «Вежихи XIV» учагын жасаган. Бул учак менен алгачкы учушун 1930 – жылы аткарган. Жасаган учактар үчүн уча алат деген сертификат алуу үчүн мезгилдин экономика министрлигине кайрылат. Министрлик «Учактын техникалык өзгөчөлүктөрүн тастыктай турган киши болбогондуктан керек болгон документ берилген жок»,- деп жооп берет. Бул жооп негизинен улуттук өндүрүштүн алдынын кандай себептер менен тосулгандыгын көрсөтүүдө.

Алгачкы улуттук аба унаасы : Хүркуш

Хүркуш ТУСАШ башкача айтканда түрк авиация жана космостук өнөр жайы тарабынан чыгарылган Түркиянын алгачкы улуттук аба унаасы. Жаңы муундагы негизги билим берүү учагы ХҮРКУШ долбоору 2006 -  жылы март айында коргонуу өнөр жайынын кеңешчилиги менен ТАИнин ортосунда кол коюлган келишим менен башталган. Долбоор аба күчтөрү командирлигинин муктаждыктарына жооп бере турган жана дүйнө базарына кире ала турган машыктыруучу учактын чыгарылышы максатында баштатылган.

2013 -  жылы 26 -  сентябрда түзүлгөн келишим менен ХҮРКУШ учактарынын массалык өнүрүшкө өтүлүшүнө чечим чыгарылган. 2013 -  жылы 26 -  декабрда  ХҮРКУШ  -  Б келишимне кол коюлду. ХҮРКУШ А, ЕАСА менен CS-23  талаптарына карата күбөлөндүрүлгөн негизги конфигурация. ХҮРКУШ Б дагы жакшыртуу менен чыгарылган конфигурация. ХҮРКУШ – Ж болсо учкучтук  машыгуу менен бирге жеңил чабуул жана куралдуу чалгындоо милдеттеринин аз чыгым  жана жогорку жоопкерчилик менен аткарылышы үчүн чыгарылууда.

Мындан мурда тест учуулары ийгиликтүү ишке ашырылган Хүркуштун ноябрь айында аба күчтөрүнө тапшырылышы күтүлүүдө. Бирнчи учак тапшырылгандан кийин аба күчтөрүнүн учкучтары тарабынан колдонулуп, 3 айлык мөөнөт менен түрдүү баа берилет. Бул процессте талаптар болсо алынат. 2019 -  жылдын биринчи жарымына чейин 15 учактын аба күчтөрүнө тапшырылышы максат кылынууда.

ЕАСАдан модель сертификатын алган биринчи түрк учагы

Учактары тууралуу ТАИнин берген маалыматтары булар : учуу тесттери менен бирге чыгарылган 2 башка структуралык учакта учактын чыдамдуулугунун тести ийгиликтүү өттү.  Долбоордун негизинде ЕАСА башкача айтканда Европа жарандык авиация органы жана Жарандык авиациясынын башкы директорлугуна жиберүү үчүн  545 документ даярдалды.

Бул аткарылган бардык иштердин натыйжасында 2016 -  жылы 11 -  июлда ХҮРКУШ жаңы муундагы машыктыруучу учагы үчүн «ТТ32 учак модели сертификаты» Жарандык авиациянын башкы директорлугунан  алынган. Ушундайча ХҮРКУШ Европа жарандык авиация  мекемесинен модел сертификаты алынган биринчи түрк учагы болду. Хүркуш учактарынын ийгиликтүү болушу Түркия үчүн албетте маанилүү. Бирок 1925 -  жылдардын шарттарында жана 29 жашында тоскоолдуктарга карабастан учак жасоо ийгилигин көрсөткөн Вежихи Хуркушка көрсөтүлгөн сый каатры көктө учушу да маанилүү.

Түрк Харб иш профсоюзунун билим берүү директору Таркан Зенгиндин пикири.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар