Чехия Украинага артиллериялык ок-дарыларды берет

Павел Германиянын ARD телеканалына билдирүү жасады.

2137123
Чехия Украинага артиллериялык ок-дарыларды берет

Чехиянын президенти Петр Павел, өлкөсүнүн келерки айда Украинага 180 миң артиллериялык ок-дары берүүнү максат кылганын айтты.

Павел Германиянын ARD телеканалына билдирүү жасады.

Чехиянын Украина үчүн ок-дарыларды сатып алуу демилгесинде жылыш болгонун жана жакынкы айларда тапшырыла турганын кабарлаган Павел: «Мен жана премьер-министрибиз Петр Фиала болжол менен 180 миң артиллериялык снаряддын июнь айында жеткирилиши жана башка келишимдерге да кол коюлушу мүмкүн экенин ойлоп жатабыз»,-деди.

Батыш өлкөлөрүнүн согушту токтотуу үчүн Орусияга кысымды күчөтүү максатында Украинага көбүрөөк аскердик колдоо көрсөтүүсү керектигин маалымдаган Павел: «Согушту улантуудан эч кандай пайда жок экенин жана Орусиянын мындан аркы аскердик ийгиликтерге жетише албастыгын ачык көрсөтүү үчүн Украинаны ар тараптан колдоо керек. Орусиянын ийгиликке жетүү үмүтү улана берсе, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышууга эч кандай негизи болбойт»-деп сереп салды.



Тектеш кабарлар