Ооганстандагы селдерден 14 адам каза болду

Герат, Сар-е Пол, Ферах, Лагман, Нуристан жана Хост сыяктуу 14 облуста сел жүргөнү кабарланды.

2135815
Ооганстандагы селдерден 14 адам каза болду

Ооганстанда акыркы 3 күндө ар кайсы облустарда жүргөн селдерден 14 адам каза болду.

Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн табигый кырсыктар боюнча мамлекеттик министрлигинин катчысы Молла Канан Саик басма сөзгө берген билдирүүсүндө Герат, Сар-е Пол, Ферах, Лагман, Нуристан жана Хост сыяктуу 14 облуста сел жүргөнүн кабарлады.

Саик 3 күндө селден 14 кишинин каза тапканын, 140 үй жараксыз абалга келгенин, 2 миңден ашуун малдын кырылып калганын айтты.

Ооганстанда кыш айларында жааган кардын аба ырайынын жылышы менен эриши, нөшөрлөп жааган жамгырлар жана инфраструктуранын жетишсиздигинин натыйжасында пайда болгон селдер, адам жана мүлк жоготууларынын көбөйүшүнө алып келүүдө. Мындан улам өлкөдө жыл сайын жүздөгөн адамдар каза болууда.



Тектеш кабарлар