АКШ Израилге жүк ташууну биринчи жолу токтотту

АКШда жарыяланган «Axios» кабар сайтынын аты аталбаган эки израилдик жооптууга таянып жазган кабарына караганда, АКШ өткөн аптада Израилге жөнөтүлө турган ок-дарыларды ташууну токтотту.

2135692
АКШ Израилге жүк ташууну  биринчи жолу токтотту

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден башкаруусунун өткөн аптада Израилге жөнөтүлө турган АКШдан жасалган ок-дарылардын жөнөтүлүшүн токтоткону белгиленди.

АКШда жарыяланган «Axios» кабар сайтынын аты аталбаган эки израилдик жооптууга таянып жазган кабарына караганда, АКШ өткөн аптада Израилге жөнөтүлө турган ок-дарыларды ташууну токтотту.

Кабарда жүктүн токтотулушунун Газага кол салуулар башталган 7-октябрдан бери биринчи жолу болгондугу жана бул абалдын Тель-Авив башкаруучулугунда олуттуу тынчсызданууну жаратканы белгиленди.

Кабарда өткөн аптада Израилге барган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун ортосунда Рефахка кургактыктан кол салуу ыктымалдыгы тууралуу «катуу сүйлөшүү» болгону да эске салынды.

АКШ Конгрессиндеги Демократиялык партиянын 88 мүчөсү Израилдин палестиналык жарандарга гуманитардык жардамды атайылап тоскоол кылганы тууралуу ишенимдүү дооматтар бар экенин белгилеп, Израилге берилген жардамды кайра кароого чакырышты.



Тектеш кабарлар