Нетаньяху Рафахка кургактан кол салуу темасында көшөрүүдө

Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу сүйлөшүүлөрү кыйыр түрдө уланууда.

2133923
Нетаньяху Рафахка кургактан кол салуу темасында көшөрүүдө

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Хамас менен туткун алмашуу келишими түзүлсө да түзүлбөсө да Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарына кургактыктан кол салышарын айтты.

Израилдин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, Бинямин Нетаньяху Газадагы израилдик туткундардын жакындарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Газага кол салууларды «максаттарына жетмейинче» токтотпой тургандарын билдирген Нетаньяху, туткун алмашуу келишими түзүлсө да түзүлбөсө да Рафахка кургактыктан кол салышаарын кабарлады.

Нетаньяхунун 1,5 миллион жер которгон палестиналык баш калкалаган Рафахка кургактыктан кол салуу билдирүүсү, Израиль менен Хамастын туткун алмашуу сүйлөшүүлөрү уланып жаткан мезгилде айтылышы көңүлдү бурду.

Израиль менен Хамастын ортосундагы туткун алмашуу сүйлөшүүлөрү кыйыр түрдө уланууда.

Египет басма сөзүндө кечээ жарыяланган кабарда, Хамас делегациясынын Каирден кайтканы жана ок атышпоо келишими сунушуна жазуу түрүндө жооп берери маалымдалган.

Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон да, Сауд Арабиянын борбор шаары Эр-Рияддагы кечээки билдирүүсүндө, Хамаска 40 күндүк ок атышпоо жана миңдеген палестиналык туткундун бошотулушунун ордуна израилдик туткундардын бошотулушу сунушталганын айткан.

Газанын түштүгүндө Египет чек арасында жайгашкан Рафах шаарында Израилдин кол салууларынан мурда болжол менен 280 миң палестиналык жашаган. Израилдин 7-октябрдан бери уланып жаткан кол салууларынан улам 2 миллион 300 миң калкы бар Газа тилкесинде 1 миллион 900 миң киши жер которду.

Жер которгон палестиналыктардын көбү Израиль буга чейин "коопсуз" деп ырастаган Рафахка баш калкалаган. Түндүк аймактардан келгендер менен бирге Рафахтын калкы төрт эседен ашык көбөйүп 1,5 миллионго жетти.

Израиль армиясы тез-тез абадан сокку уруу менен Рафах шаарын бутага алууда. Израиль Рафах шаарына кургактан кол салса, Газа тилкесиндеги карапайым калктын баш калкалоочу жайы калбай калары тынчсыздандырууда.



Тектеш кабарлар