Израилдин Газага кол салуулары тыйыла элек

Израиль, элин ачка жана суусуз калтыруу менен мажбурлап чоң гуманитардык апаат алып келген Газа тилкесиндеги чабуулдарын 227-күндөн бери улантууда.

2141712
Израилдин Газага кол салуулары тыйыла элек

Израиль армиясынын Газа тилкесинин ар кайсы жерлерине түнү бою кол салууларынан ондогон киши каза болуп, ондогон киши жараланды.

Израиль, элин ачка жана суусуз калтыруу менен мажбурлап чоң гуманитардык апаат алып келген Газа тилкесиндеги чабуулдарын 227-күндөн бери улантууда.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAда орун алган кабарга караганда, Газанын Тель эл-Хева районунун түштүгүндөгү Нетцарим коридоруна жайгаштырылган Израиль артиллериясы жана согуштук учактары Газанын Зейтун районун катуу бомбалады. Кол салууда каза болгондор жана жарадар болгондор бар.

Израилдик согуштук учактардын Газанын борборунун Дараж районундагы Шейх Закария мечитинин бомбаланышынын натыйжасында каза болгон үч кишинин сөөгү Эхли Баптист ооруканасына жеткирилди.

Израилдик согуштук учактардын Газанын түштүгүндөгү Эс-Сабра аймагындагы бир үйдү бомбалоосунун натыйжасында каза болгондор жана жаралангандар болду.

Согуштук учактар ​​Газанын Шейх Рыдван районундагы «Эл-Аттар» үй-бүлөсүнө таандык үйдү да бомбалады. Кол салууда 3 киши каза болуп, ондогон киши жараланды.

Израиль армиясынын Газа тилкесинин түндүгүндөгү Жибалие качкындар лагерин «Апачи» тибиндеги тик учар жана артиллериялык аткылоо менен бутага алышынын натыйжасында каза болгондор жана жаралангандар да болду.

Израил армиясынын Газанын түндүгүндөгү Бейт Лахия шаарында «Лебид» үй-бүлөсүнө таандык турак үйгө сокку уруусунун натыйжасында 6 киши каза болду.

Израилдин согуштук учактары жана артиллериясы да түнү бою Газа тилкесиндеги Нусайрат, Бурейж жана Жибалия качкындар лагерлерине жана Бейт-Лахия, Рафах жана Газа шаарларына чабуул жасады.



Тектеш кабарлар