НАТОдон Украина тууралуу билдирүү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг куралдарды тапшырууну ыламдатуунун маанисин баса белгилеп, Украинага дагы көп жардамдын жолдо экендигин айтты.

2133793
НАТОдон Украина тууралуу билдирүү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг куралдарды тапшырууну ыламдатуунун маанисин баса белгилеп, Украинага дагы көп жардамдын жолдо экендигин айтты.

Йенс Столтенберг Украинанын президенти Владимир Зеленский менен борбор шаар Киевде өткөргөн биргелешкен пресс- жыйындааскердик жардамдардын кечеңдешининсогуш аянтында «олууттуу жыйынтыктарды жараткандыгын» белгиледи.

Баш катчы : «АКШ өзгөчө бир пакет тууралуу келишим түзө алган жок. Европалык союздаштар да убада кылынган өлчөмдө ок- дары бере алган жок»,- деп баа берди.

Кеч келген аскердик жардамдын Россиянын фронт линиясында алдыга жылышы деген мааниге келгенин айткан Столтенберг : «Бирок Украинанын жеңиши үчүн азырынча кеч эмес.  Дагы көп жардам жолдо»,-деди. 

Союздаш өлкөлөрдүн Украинага аскердик колдоосун арттыруу боюнча макулдашканын белгилеген Йенс Столтенберг АКШнын 60 миллиард доллардан ашуун аскердик жардамы менен бирге Улуу Британия, Германия жана Нидерландиянын жаңы убадаларын ыраазычылык менен кабыл алгандыгын жанабашка союздаш өлкөлөрдөн да «жакында жаңы билдирүүлөрдүн келишин күтүп жаткандарын» кошумчалады.

Столтенберг «Украинанын жеринин НАТО экендигин» айтып : «Азыркы учурда жүргүзүлүп жаткан иштер сизди НАТО мүчөлүгүнө карай кайтуусу болбогон бир жолго алып барууда, ушундайча убагы келгенде Украина НАТО мүчөсү боло алат»,- деди.

 



Тектеш кабарлар