Атлантикада мыйзамсыз мигранттарды ташыган кеме чөктү

Түндүк Африкадан чыгып, Испаниянын түштүк-батышындагы Канар аралдарын көздөй бараткан кеме Атлантика океанында чөгүп, борттогу мыйзамсыз мигранттардын 51инин дайынсыз жоголгону билдирилди.

2133742
Атлантикада мыйзамсыз мигранттарды ташыган кеме чөктү

Түндүк Африкадан чыгып, Испаниянын түштүк-батышындагы Канар аралдарын көздөй бараткан кеме Атлантика океанында чөгүп, борттогу мыйзамсыз мигранттардын 51нин дайынсыз жоголгону билдирилди.

Испаниянын расмий кабар агенттиги EFE Канар аралдарынын Жээк коопсуздук булактарына таянуу менен берген кабарында Канар аралдары тобунан Эль Хиерродон болжол менен 110 километр алыстыкта ​​ичинде мыйзамсыз мигранттар болгон кеменин чөккөндүгүн жарыялады.

Чөккөн кеме тууралуу Бразилиядан Испаниянын Картахена портуна багыт алган «Бескиди» аттуу мунай танкеринин радио аркылуу Жээк коопсуздук кызматына билдирилгени белгиленди.

Аймакка бир кайык жана бир тик учак жөнөткөн Испаниянын Жээк коопсуздук кызматынын жарымынан көбү чөккөн кеменин суу үстүндө калган бөлүгүнө карманып аман калууга аракет кылган 9 мигранттын куткарылганы, 51 кишинин да дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалыматтын алынгандыгы белгиленди.

Ооруканада көзөмөлгө алынган жана ден - соолугунда олуттуу көйгөйлөр болбогон мыйзамсыз мигранттардын Сенегалдын М'Бур жээгинен 9 күн мурда жолго чыгышкандары билдирилди.

 



Тектеш кабарлар