Афганистанда мечитке карата кол салуу болду
Кол салууда 6 киши каза болду.
2133960
Афганистандын Герат провинциясында мечитте намаз окугандарды бутага алган куралдуу кол салууда 6 киши каза болду.
Талибан башкаруусунун ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Кани Метин социалдык медиа платформасынан берген маалыматында , Герат провинциясынын Гузера районунда кечээ кечинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 201:00 чамаларында бир кол салуучунун Калашников автоматы менен ок атып 6 кишинин каза болгонун билдирди.
Метин окуя тууралуу кенен маалыматтын кийинчерек берилерин белгиледи.