Польшанын президенти өзөктүк курал жайгаштыруу боюнча пикирин айтты

Дуда канадалык CTV News телеканалына берген маегинде, эгер НАТО чыгыш флангын бекемдөөнү чечсе, өз аймагында өзөктүк куралдын жайгаштырылышы мүмкүндүгүн баалады.

2133490
Польшанын президенти өзөктүк курал жайгаштыруу боюнча пикирин айтты

Польшанын президенти Анджей Дуда өз аймагында өзөктүк куралды жайгаштыруу боюнча эч кандай чечим кабыл алына электигин билдирди.

Дуда канадалык CTV News телеканалына берген маегинде, эгер НАТО чыгыш флангын бекемдөөнү чечсе, өз аймагында өзөктүк куралдын жайгаштырылышы мүмкүндүгүн баалады.

Дуда: "Мындай чечим тууралуу маалыматым жок. Аң-сезимдүү түрдө мындай чечим кабыл алынбаганын билдиребиз, бирок биз даярбыз",-деди. 

Орусиянын "коркунучтуу" экенин жүйө келтирген Дуда өзөктүк куралды жайгаштыруу боюнча чечимдин НАТО союздаштары менен кабыл алынышы керектигин белгиледи.

Анджей Дуда 22-апрелде анын өлкөсүндө өзөктүк куралды жайгаштырууга “даярбыз” деп билдирди.



Тектеш кабарлар