Израилдин согушту улантуу планы

Израиль армиясынын X социалдык медиа эсебинде темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

2133043
Израилдин согушту улантуу планы

Израиль армиясы Башкы штабдын төрагасы Херзи Халевинин Газа тилкесиндеги согушту улантуу планын бекиткенин жарыялады.

Израиль армиясынын X социалдык медиа эсебинде темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

Билдирүүдө Халевинин Израилдин түштүк аймагынын командири генерал-майор Ярон Финкельман жана кээ бир командирлер менен болгон жолугушууларынан кийин Газа тилкесинде согушту улантуу пландарын бекиткени белгиленди.

Израилдин «Валла» интернет сайтында орун алган кабарда Башкы штабдын төрагасы сүйлөшүүлөрдө Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рефахты басып алуу операциялык пландарын бекиткени белгиленди.

Израилдин ашынган оңчул каржы министри Безалел Смотрих кечээ Беньямин Нетаньяху башында турган өкмөт Рефахка басып кирмейинче, анын жашоого укугу жок деп билдирди.

Израиль өкмөтү Египет тарапка Хамас менен туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөргө «акыркы мүмкүнчүлүк берүүгө даяр» деген билдирүүнү жеткиргени, бирок эч кандай жылыш болбосо, Рафахка кургактыктан чабуул жасай тургандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар