Борбор Азия республикалары АКШнын «жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр» тизмесинде

АКШнын Соода министрлигинин чектөөлөрү жеке компаниялар менен түзүлгөн келишимдерде ишке ашырылат жана 30-майдан тарта күчүнө кирет.

2133372
Борбор Азия республикалары АКШнын «жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр» тизмесинде

АКШнын Соода министрлиги 26-апрелден тарта ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана курал тетиктерин «жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө» экспорттоо эрежелерин катаалдатты. Сөз болуп жаткан мамлекеттердин арасында Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан да бар. Лицензиялоо саясатында жасалган жөнгө салуу менен «аймактык туруксуздукту козутуу, баңги аткезчилиги, адам укуктарынын бузулушу, саясий баш аламандык жана Америка Кошмо Штаттарынын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган башка аракеттер» коркунучу минималдаштылат.

Бул чектөөлөр жеке компаниялар менен түзүлгөн келишимдерде ишке ашырылат жана 30-майдан тарта күчүнө кирет.

АКШнын Соода министрлиги тарабынан түзүлгөн «жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн» тизмесине Латын Америкасы (16 өлкө), Африка жана Түштүк-Чыгыш Азия (сегиз өлкө), ошондой эле Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу Борбор Азия өлкөлөрү кирет. Тизмени түзүүдө террордук актылардын коркунучу, коррупциянын деңгээли, адам укуктарынын аткарылышы жана саясий туруктуулук сыяктуу критерийлер эске алынганы айтылат.

Жаңы саясатка ылайык, АКШнын Соода министрлиги тизмедеги өлкөлөрдүн тиешелүү компанияларынын суроо-талаптарын автоматтык түрдө четке кага алат. Мындан тышкары, АКШ администрациясы экспорттолгон курал-жарактар ​​кандай колдонулуп жатканы тууралуу маалыматтарды чогултууда дагы кылдат мамиле кылууну жана экспорттук лицензиялардын мөөнөтүн 4 жылдан 1 жылга кыскартууну көздөөдө.



Тектеш кабарлар