Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда

Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.

2132964
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас, Израилдин 7 айга жакын Газадагы кол салууларын уланткандан кийин Батыш Шериадагы палестиналыктарды Иорданияга депортациялоосунан коркуп жатканын билдирди.

Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.

«Израиль Газа тилкесинин кеминде 75 пайызын кыйратты жана 200 күндүн ичинде көбү аялдар менен балдардан турган 34 миң газалыкты өлтүрдү»,- деп айткан Аббас: «Газадагы (кол салуулар) аяктагандан кийин Израилдин Батыш Шериага багытын буруп элин Иорданияга сүргүн кылуусунан тынчсызданам»,-деди.

Дүйнө коомчулугун Палестинаны Бириккен Улуттар Уюмуна толук кандуу мүчө мамлекет катары таанууга чакырган Аббас Европа мамлекеттеринен Палестинаны Израилди тааныгандай таанууну өтүндү.

2,2 миллион палестиналыктын өлкөдөн чыгарылышы жана Газанын түштүгүндөгү Рефах шаарынын басып алынышы боюнча эскерткен Аббас, Газадан качкан бардык палестиналыктардын Рефахта чогулганын белгилеп: «Палестина элинин тарыхында эң чоң апаат болушу үчүн кичинекей бир гана сокку калды»,-деп капа болгонун билдирди.



Тектеш кабарлар