Парижде Олимпиада иш - чаралар нааразылык акциялары менен үзгүлтүккө учуроодо
Олимпиада факели Франциянын аймагына барган 8 - майдан бери майрамга багытталган 23 акция өткөрүлдү.
2024 Париж Олимпиада оюндарын өткөрүүгө даярданып жаткан Францияда Олимпиада иш - чаралар нааразылык акциялары менен үзгүлтүккө учуроодо.
Олимпиада факели Франциянын аймагына барган 8 - майдан бери майрамга багытталган 23 акция өткөрүлдү.
Бул нааразычылык акцияларынын төртөөсү Олимпиадага каршы чыккандар, жетөөсү Палестинаны колдоочулар жана бир бөлүгү да экологдор тарабынан жасалды.
Грециядан чыккан Олимпиада факели 8-майда Франциянын Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги Марсель шаарына, кылымдардан бери келе жаткан Белем парустуу кеменин бортунда барды.
Олимпиада факели Парижде 2024 Олимпиада оюндарынын 26 - июлда ачылышына чейин Франциянын 400дөн ашуун ар башка жерлерине алып барылат.
Франция 26 - июлдан 11-августка чейин Олимпиада оюндарын өткөрөт.
Тектеш кабарлар
Беларусь Европада Конвенциялык куралдуу күчтөр келишими ЕКККны токтотту
Беларустун президенти Александр Лукашенко ЕКККны токтоткон мыйзамды бекитти.