Хамас туткундарды алмаштырууга эртең жооп берет

«Al Kahera News» кабарына караганда Халил аль-Хайе жетектеген Хамас делегациясы кыймылдын Газадагы ок атышпоо сунушуна жообун жеткирүү үчүн дүйшөмбү күнү Египеттин борбор шаары Каирге барат.

2132965
Хамас туткундарды алмаштырууга эртең жооп берет

Хамас кыймылынын Газа тилкесинде сунушталган жаңы ок атышпоо жана Израиль менен туткундарды алмашуу келишимине карата жообун эртең жарыялай турганы кабарланды.

«Al Kahera News» кабарына караганда Халил аль-Хайе жетектеген Хамас делегациясы кыймылдын Газадагы ок атышпоо сунушуна жообун жеткирүү үчүн дүйшөмбү күнү Египеттин борбор шаары Каирге барат.

Анадолу агенттигине (AA) берген маалыматында атын атагысы келбеген палестиналык бир булак, Хаййе жетектеген Хамас делегациясынын Газадагы ок атышпоо сунушуна жообун жеткирүү үчүн эртең Египетке келе турганын ырастады.

Палестинанын Исламдык каршылык көрсөтүү кыймылы Хамас кечээ, 13-апрелде ортомчулар Египет жана Катарга жеткирген туткундарды алмашуу жана ок атышпоо келишимине карата Израилдин расмий жообун алганын жарыялады.

Хамастын Саясий бюросунун мүчөсү Халил аль-Хайе 24-апрелдеги билдирүүсүндө Израиль менен кыйыр сүйлөшүүлөрдө ийкемдүү мамилени көрсөткөндөрүн, бирок Тель-Авив башкаруусунун Газага каршы согушту токтотуудан баш тартып, процессти узарткандарын айткан.



Тектеш кабарлар