Индия менен Франциянын биргелешкен машыгуусу
Индия армиясынын билдирүүсүндө быйыл жетинчи жолу өткөрүлгөн «Шакти» машыгуусу башталганы белгиленди.
2139041
Индия менен Франция 2 аптага созула турган аскердик машыгууларды уюштурууда.
Индия армиясынын билдирүүсүндө быйыл жетинчи жолу өткөрүлгөн «Шакти» машыгуусу башталганы белгиленди.
Индиянын Мегхалая провинциясында 26-майга чейин улана турган машыгууга байланыштуу билдирүүдө : «Биргелешкен машыгуу эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын жана достук карым-катнаштын өнүгүшүнө шарт түзөт»,-деп айтылды.
Франциянын Нью-Делидеги элчилиги да машыгууда тоолуу аймактарда кургактагы операцияларга басым жасалаарын билдирди.
Эки жылда бир өткөрүлүүчү «Шакти» машыгуусунун акыркысы 2021-жылы Францияда өткөн.