НАТО Польшага атомдук курал жайгаштырбайт

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг уюмдун Польша да болгон башка өлкөлөргө атомдук куралдарды жайгаштыруу сыяктуу бир планынын жок экендигин айтты

2131716
НАТО Польшага атомдук курал жайгаштырбайт

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг уюмдун Польша да болгон башка өлкөлөргө атомдук куралдарды жайгаштыруу сыяктуу бир планынын жок экендигин айтты. Ушундайча Столтенберг Польшанын президенти Анджей Дуданын өлкөлөрүнө өзөктүк куралдардын жайгаштырылышын даяр экендерине байланыштуу билдирүүсүнө жооп берген болду. Ошол эле учурда Польшанын премьер  - министри Дональд Туск да бул сценарийге каршы экенин билдирген.

Йенс Столтенберг  23 -  апрелде Польшада өткөргөн пресс  - жыйынында НАТОнун Варшаваны Nuclear Sharing программасына кошууну ойлобогондорун белгиледи. Столтенберг  : «НАТОнун атомдук куралдарды биргеликте колдонуу келишимин кеңейтип, башка өлкөлөргө атомдук курал жайгаштыруу сыяктуу пландары жок»,- деди.

Nuclear Sharing  программасынын максаты атомдук куралдарды токтотуу. Бул программанын алкагында уюмдун мүчөсү болгон, бирок өз атомдук куралына ээ болбогон өлкөлөрдүн жерлерине бул куралдар алып барыла алат. НАТО өлкөлөрүнүн арасында расмий түрдө бул стратегиялык куралдарга ээ өлкөлөр АКШ, Франция жана Британия.

Nuclear Sharing программасынын негизинде НАТО  2009 – жылдын ноябрь айынан бери Американын согуштук дүрмөттөрүн Бельгия, Германия, Италия, Нидерландия жана Түркияга жайгаштырды. Польшанын мындан мурдагы өкмөтү Варшаванын Nuclear Sharing программасына кошулушун активдүү түрдө колдоп жаткан.



Тектеш кабарлар