Франция менен Бельгияда ПККга каршы операция жүргүзүлдү

Франциянын Улуттук Терроризм Прокуратурасынын (Pnat) билдирүүсүнө караганда, Париж Юстициялык сотунун террор менен күрөшүү бөлүмү жикчил террордук уюм ПККга 2020-2024-жылдар аралыгындагы кылмыштарга байланыштуу тергөө иштерин баштады.

2131177
Франция менен Бельгияда ПККга каршы операция жүргүзүлдү

Францияда жикчил террор уюму ПККны каржылаган деген жүйө менен 8 киши кармалды.

Франциянын Улуттук Терроризм Прокуратурасынын (Pnat) билдирүүсүнө караганда, Париж Юстициялык сотунун террор менен күрөшүү бөлүмү жикчил террордук уюм ПККга 2020-2024-жылдар аралыгындагы кылмыштарга байланыштуу тергөө иштерин баштады.

Тергөө террордук актыга даярдануу үчүн кылмыштуу топко кошулуу, террордук уюмду каржылоо жана ПКК террордук уюмуна байланышы бар уюшкан кылмыштуу топ катары опузалап акча талап кылуу беренелери менен ачылды.

Францияда жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн алкагында кечээ Сена-Сен-Дени, Сена-эт-Марна жана Буш-ду Рон провинцияларында 8 киши кармалды.

Коңшу Бельгияда жикчил террордук уюм ПККнын пропагандасын жасаган «Sterk TV жана Medya Haber TV» колдонгон кеңселерде кечээ жүргүзүлгөн тинтүү иштери Франциянын террор менен күрөшүү прокурорунун талабы менен да жүргүзүлдү.

Бельгияда федералдык полиция Фламанд аймагынын Дендерлеев шаарында жайгашкан жана жикчил террордук уюм ПККнын пропагандасын жүргүзүп жаткан «Sterk TV жана Medya Haber TV» кеңселерине тинтүү жүргүздү.

Операция учурунда кеңселер тинтилип, кээ бир компьютерлер жана көптөгөн документтер алынды.

Бельгиянын федералдык прокуратурасы операциянын терроризмди каржылоонун алдын алуу боюнча иликтөө жүргүзүп жаткан Франциянын талабы менен жасалганын билдирди.



Тектеш кабарлар