АКШ Украина-Израиль-Тайванга 95 миллиард долларлык жардам көрсөтүүнү бекитти

Республикачылар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасы Киев администрациясынын Орусияга каршы согушта запастары түгөнүп кете жаздаган учурда Израиль менен Тайвандын жардамын кошуп 95 миллиард долларлык мыйзам долбоорун бекитти.

2130280
АКШ Украина-Израиль-Тайванга 95 миллиард долларлык жардам көрсөтүүнү бекитти

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасында өткөрүлгөн добуш берүүдө Украина, Израиль жана Тайванга 95 миллиард долларлык жардам кабыл алынды.

Республикачылар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасы Киев администрациясынын Орусияга каршы согушта запастары түгөнүп кете жаздаган учурда 6 айга созулган саясий туңгуюкка чекит коюп, Израиль менен Тайвандын жардамын кошуп 95 миллиард долларлык мыйзам долбоорун бекитти.

Өкүлдөр палатасынын Республикачыл спикери Майк Жонсон демократтар менен бирге иш алып барып, өз партиясындагы каршы добуштарга кысым кылып, мыйзам долбоору эки партиянын колдоосун алып 122 «каршы» добуш, 311 «макул» добуш менен кабыл алынды.

АКШнын президенти Жо Байден жана демократтар көпчүлүгүн түзгөн Сенат жардам пакетин, кыязы, шейшембиде бекитет деп күтүлүүдө.

Өкүлдөр палатасы кабыл алган 95 миллиард долларлык пакетте Украинанын 61 миллиард долларлык жардамынан тышкары Израилге 26 миллиард доллар жана Индо-Тынч океан аймагынын (Тайван) коопсуздугуна 8 миллиард долларлык жардам орун алат.

Израилге бөлүнгөн 26 миллиард долларлык пакеттин 9 миллиард долларынын Газа да болгон түрдүү согуш аймактарында колдонула турган гуманитардык жардамдарга бөлүнүшү каралууда.

Ошол эле учурда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху социалдык медиа эсебинен Израилге 26 миллиард долларлык тарыхый жардам пакетинин АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасындагы добуш берүүсүндө кабыл алынышы үчүн ыраазычылык билдирүүсүн жарыялады.

Нетаньяху өз билдирүүсүндө АКШнын Өкүлдөр палатасынын Израиль «баалаган» жардам пакетин кабыл алуусунун Израилди Демократиялык жана Республикалык эки партия тең колдоого алуусунун «Батыш цивилизациясын коргоо» дегенди билдиргенин белгиледи.



Тектеш кабарлар