Россия мамлекеттик кызматкерлеринин өлкө тышына чыгышына чектөөлөрдү киргизүүдө

Ройтерстин берген кабарына караганда бул талап Федералдык коопсуздук агенттигинен келди.

2129978
Россия  мамлекеттик кызматкерлеринин өлкө тышына чыгышына чектөөлөрдү киргизүүдө

Россия айрым чет өлкөлөрдүн мамлекет сырларын алууга аракет кылышы мүмкүн деген тынчсыздануу менен бир топ мамлекеттик кызматкердин өлкө тышына чыгуусун кыйындаткан чараларды киргизүүдө. 

Ройтерстин берген кабарына караганда бул талап Федералдык коопсуздук агенттигинен келди. 

Агенттик айрым министрликтерден кызматкерлерин "дос" өлкөлөр менен бирге өлкө тышына жибербөөсүн суранды. Биримдик мамлекетинин бир бөлүгү болуп саналган Беларус, өзгөчө Өзбекстан да тыюу салынган өлкөлөрдүн арасында.

Россияда өлкө тышына саякаттар тууралуу катуу чектөөлөр советтер союзу мезгилинде ишке ашырылган. Ал мезгилде бир гана мамлекеттик кызматкерлер эле эмес, жөнөкөй жарандар да өлкө тышына чыгуу үчүн уруксат алууга мажбур болгон.

Ройтерстин кабарына караганда Федералдык коопсуздук агенттиги азырынча  Россия  -  Украина согушунан мурда да белгилүү жашыруун маалыматтарды билген кишилердин өлкө тышына чыгышына бөгөт койгон. Ошол эле учурда  батышта да жогорку жашыруундук деңгээлиндеги маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү болгон кишилердин өлкө тышына чыгышына байланыштуу катуу эрежелери бар. Муну менен бирге Россия алып келген чектөөлөр бир аз баш  - аламан болуп, эрежелер мекемеден мекемеге карата өзгөрөт.

Агенттиктин кабарына караганда эрежелердин катуулаштырылышынын негизги себеби Федералдык коопсуздук агенттигинин кызматкерлерин көзөмөлгө алынышынан жана буларга мамлекеттик сырларды ачыкка чыгаруу боюнча келишимдердин сунушталышынан  коркууда.

Аннексияланган Крымдын Севастополь облусунун мурдагы губернатору Дмитрий Овсянников январь айында Лондондо кармалгандан кийин абал оорлошту. Овсянников учурда Британияда  сот процессин күтүп, күрөөгө коюлган.

 



Тектеш кабарлар