АКШнын Балтимор шаарында дагы бир адамдын жансыз денеси табылды
АКШ Нюстун кабарына караганда 49 жаштагы Мигель Анхель Луна Гонсалестин сөөгү көпүрө кулаган учурда дарыяга түшкөн кызыл жүк ташуучу машинадан табылды.
АКШнын Мэриленд штатында жүк ташуучу кеменин урунуусу менен кулаган Фрэнсис Скотт Ки көпүрөсүнөн дарыяга түшкөн бир адамдын сөөгү дагы табылды.
АКШ Нюстун кабарына караганда 49 жаштагы Мигель Анхель Луна Гонсалестин сөөгү көпүрө кулаган учурда дарыяга түшкөн кызыл жүк ташуучу машинадан табылды.
Мэриленд полициясы топтордун биргелеше иштеши менен Гонсалестин сөөгүнүн чыгарылгандыгын жарыялады. Ушундайча дарыядан чыгарылган сөөк саны бешке жетти.
26-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 01.30 чамасында Фрэнсис Скотт-Ки көпүрөсүнө чоң жүк ташуучу кеме урунуп, окуядан кийин кемеде өрт чыккан.
Болжол менен 2,57 километр узундуктагы көпүрөнүн чоң бир бөлүгү уруунун натыйжасында урап, көпүрөдөгү көптөгөн унаалар Патапско дарыясына түшкөн.
Мэриленд транспорт департаментинин билдирүүсүндө көпүрөгө баруучу бардык жолдордун эки тарапка тең кыймылга жабылганы билдирилди.
Казадан кийин штатта "өзгөө кырдаал" жарыяланып топтор кырсык учурунда көпүрөдө оңдоо иштери аткарган 8 курулуш жумушчусунан экөөсү куткарылган болчу.