Нигериядагы куралдуу кол салуулар

Батыш Африка өлкөлөрүнүн бири Нигериянын Кадуна штатында кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн куралдуу кол салуусунда 23 киши каза болду.

2130012
Нигериядагы куралдуу кол салуулар

Батыш Африка өлкөлөрүнүн бири Нигериянын Кадуна штатында кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн куралдуу кол салуусунда 23 киши каза болду.

Банда мүчөлөрү Ангувар Данко жана Канава айылдарына кол салышты.

Кол салууда 23 киши каза болуп, 5 киши жараланды.

Жетекчилердин айтымында, көптөгөн адамдар барымтага алынып, айрымдары качып кетүүгө үлгүргөн.

Бир тараптан Кацина штатынын Малумфаши аймагында бир топ мотоцикл жана куралчан кишилер тарабынан жасалган кол салууда араларында балдар жана аялдар да болгон 20 киши кун үчүн уурдалган.

Нигерия акыркы убакта өлкөнүн ар кайсы аймактарында куралдуу бандалардын, ошондой эле террордук уюмдар Боко Харам менен ИШИМдин Батыш Африкадагы бутагы ISWAPтын кол салууларына сахна болууда.

Өлкөдө өлүм жазасы болгонуна карабастан кун үчүн адам уурдоо көп кездешет.

Банда мүчөлөрү негизинен өлкөнүн түндүгүндөгү айылдарды, мектептерди жана саякатчыларды бутага алып, кун талап кылышууда.

Айрыкча Кадуна штатында январдан бери жасалган кол салууларда ондогон адам каза болуп, 300дөн ашуун киши барымтага алынган.



Тектеш кабарлар