Украина Крым көпүрөсүн бузууну пландап жатат

Украинанын президенти Владимир Зеленский июль айында көпүрөнү иштен чыгарууга аракет кыла тургандарын, анткени бул жердин Крымга курал-жарактарды жеткирүү үчүн колдонулган негизги жол экенин айткан.

2128239
Украина Крым көпүрөсүн бузууну пландап жатат

Украинанын июль айында Крым көпүрөсүн катуу бомбалоо менен кулатышы мүмкүн экени айтылды.

Англиялык The Sun гезитинин кабарына караганда, Украинанын Куралдуу күчтөрү аннексияланган Крым менен Орусиянын ортосундагы жалгыз байланыш жолу болгон көпүрөнү Storm Shadow ракеталары, капитансыз деңиз аппаттары жана F-16 учактары менен жок кылууну пландап жатат.  

The Sun Киевдин Батышка буталарга сокку уруу жана чабуулдук операцияларды жүргүзүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүнү каалаганын жана көпүрөнү 100 күндүн ичинде жок кылууга аракет кыларын, мунун өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн биринчи максаты экенин билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский июль айында көпүрөнү иштен чыгарууга аракет кыла тургандарын, анткени бул жердин Крымга курал-жарактарды жеткирүү үчүн колдонулган негизги жол экенин айткан. Зеленский Киевдин Крым көпүрөсүн бузууга мыйзамдуу жана моралдык укугу бар экенин жана бул укуктарды сөзсүз колдоноорун баса белгилеген.



Тектеш кабарлар