Аргентинада өкмөткө каршы демонстрациялар: 12 адам камакка алынды

Борбор шаар Буэнос-Айресте жүздөгөн киши чогулуп, өкмөттүн экономикалык саясаттарына реакция кылышты.

2127025
Аргентинада өкмөткө каршы демонстрациялар: 12 адам камакка алынды

Түштүк Америка өлкөсү Аргентинада Хавьер Милей өкмөтүнө каршы митингдерде 12 киши камакка алынды.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда, борбор шаар Буэнос-Айресте жүздөгөн киши чогулуп, өкмөттүн экономикалык саясаттарына реакция кылышты.

Митингдер учурунда чыккан окуялардын натыйжасында коопсуздук күчтөрү 12 кишини камакка алды.

Баннерлерди көтөргөн топтор Милей өкмөтүнө каршы ураандарды чакырышты.

Полиция, таш менен кол салган митингчилерге көздөн жаш агызуучу газ жана басымдуу суу менен жооп кайтарды.

Бир тараптан Аргентинанын Telesur кабарчысы Сантьяго Корей кесиптештеринен бири Cronico телекөрсөтүүнүн кабарчысы Диего Риккардинин бетине резина ок тийгенин билдирди.

Социалдык тармактарда чагылдырылган видеолордо полициянын митингчилерди кармап кеткенин көрүүгө болот.

Аргентинада Милейге президенттик шайлоодо жеңишке жеткенден бери солчул топтор жана профсоюздар тарабынан тез-тез нааразылык билдирилүүдө.



Тектеш кабарлар