Израилдин кол салууларынан Ханийенин 3 уулу жана 4 небереси каза болду

Эш-Шати качкындар лагеринин жашоочулары жана жакындары менен Орозо айт майрамын белгилөө үчүн бара жаткан Ханийенин үй-бүлө мүчөлөрүн камтыган унааны Израиль бутага алды.

2126662
Израилдин кол салууларынан Ханийенин 3 уулу жана 4 небереси  каза болду

Газанын батышындагы Эш-Шати качкындар лагеринде бараткан унааны Израилдин бутага алуусунун натыйжасында Хамастын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханийенин 3 уулу жана 4 небереси каза болду.

Окуяга күбө болгондордон алынган маалыматка караганда, Эш-Шати качкындар лагеринин жашоочулары жана жакындары менен Орозо айт майрамын белгилөө үчүн бара жаткан Ханийенин үй-бүлө мүчөлөрүн камтыган унааны Израиль бутага алды.

Хамастын билдирүүсүндө, Ханийенин үй-бүлөсү лагерь тургундары жана жакындары менен майрамдашуу үчүн бара жатканда унаанын бутага алынышынын натыйжасында ичиндеги бардык адамдардын каза болгондугу же жараланганы белгиленди.

Билдирүүдө, Орозо айттын биринчи күнүндө Шати качкындар лагерине болгон «чыккынчылык жана коркоктук» кол салууда Ханийенин Хазим, Эмир жана Мухаммед аттуу балдары менен Муна, Амал, Халид жана Реззан аттуу неберелеринин каза болгондугу белгиленди. 

Мындай чабуулдар Хамастын жана Палестина элинин каршылык көрсөтүү эркин сындыра албай турганы, күрөштө алардын чечкиндүүлүгүн гана арттыра тургандыгы баса белгиленди.

Ошол эле учурда Израилдин уулдары жана неберелери бар унаага кол салуусунан кийин Ханийенин билдирүүсү Al Jazeera телеканалында жарыяланды.

Хамастын лидери: "Балдарымдын шейит болушу үчүн Кудайга ыраазымын",-деп айтып:"Балдарым Газада калып, Газадан кеткен жок. Биздин бүт элибиз балдарынын каны менен чоң чыгымды төлөп жатат. Мен да алардын биримин",-деди.

Хенийе Израилдин лидерлердин балдарын бутага алуу менен палестиналыктардын чечкиндүүлүгүн сындырарын ойлогондугун, бирок бул кан төгүүнүн Палестина жерине берилгендигин сактоо чечкиндүүлүгүн арттыра турганын белгиледи.

Ханийе: "Согушта менин үй-бүлөмдүн 60ка жакын мүчөсү шейит болду, алар менен элибиздин ортосунда эч кандай айырма жок, жоготууларыбыз канчалык чоң болсо да, Израилдин шантажына моюн сунбайбыз, баш тартпайбыз»,- деди. 

Ханийе ошондой эле: «Израилдин жер которгон адамдар менен толгон Рефах шаарын басып алуу коркутуусу Палестина элин жана алардын каршылыгын мокотпойт»,-деп баса белгиледи.



Тектеш кабарлар