Израилдин Газага кол салуулары тыйыла элек

Палестинанын расмий агенттиги WAFAдагы кабарда Израиль согуштук учактарынын Газа тилкесинин түндүк жана борбордук бөлүктөрүн катуу бомбалаганы белгиленди.

2126776
Израилдин Газага кол салуулары тыйыла элек

Израиль армиясынын 7-октябрдан бери Газа тилкесинде жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 33 миң 545ке жетти.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 188 күндөн берки кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израиль армиясынын Газа тилкесинде акыркы 24 сааттагы кол салууларында дагы 63 палестиналыктын каза болгону, 45 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израилдин Газа тилкесине кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 33 миң 545ке, жаралуулардын саны 76 миң 94кө жеткени белгиленди.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы эле каза болгондордун бар экени, бирок израилдик аскерлердин тоскоолдуктарынан улам медициналык топтор жана жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн сөөктөргө жете албаганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар