БАЭ : Газанын түндүгүнө биирнчи жардам конвоюу барды

Бириккен Араб Эмираттарынын коргоо министрлигинин Биргелешкен операциялар командирлигинен бул тууралуу жазуу түрүндө маалымат берилди.

2126560
БАЭ : Газанын түндүгүнө биирнчи жардам конвоюу барды

Бириккен Араб Эмираттары Газа тилкесинин түндүгүнө кургактык аркылуу биринчи жардам конвоюнун барганын жарыялады.

Бириккен Араб Эмираттарынын коргоо министрлигинин Биргелешкен операциялар командирлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Бириккен Араб Эмираттарынын 17фурадан турган жардам конвоюбиринчи жолу курактык аркылуу Газанын түндүгүнө барды»,- деп айтылды.

Билдирүүдө 370 тоннадан ашуун гуманитардык жардам ташыган конвойдо азык- түлүк, медициналык каражаттар жана кийим- кече менен биргебаш калкалоочулар үчүн керектүү жабдыктардын бар экендиги айтылды.

Билдирүүдө гуманитардык жардамдын биринчи жолу бир өлкө аркылуу Газанын түндүгүнө кургактыктан киргени да белгиленди.

Бир тараптан Коргоо министрлигинен берилген маалыматта Бириккен Араб Эмираттарынын Египет аба күчтөрү менен кызматташып Газа тилкесинин түндүгүндөгү аймактарга 29-жолу абадан жардам таштаганы белгиленди.

Ошондой эле5 учак менен Газа тилкесинин түндүгүндөгү бош аянтка түшүрүлгөн85 тонналык гуманитардык жардамдын ичинде азык- түлүк майрамдык кийимдер, бут кийим, оюнчук, таттуу жана түрдүү продукциялардын бар экендиги маалымат берилди.



Тектеш кабарлар