Норвегияда полиция кызматкерлери куралдандырылды

Ослонун полиция башчысы Ойвинд Хаммерволд  өлкөсүнүн NRK мамлекеттик телеканалына билдирүү жасады.

2125829
Норвегияда полиция кызматкерлери куралдандырылды

Норвегиянын борбору Ослодо мечиттерге карата коркутуулардын күчөшү менен   полиция кызматкерлери куралдандырылды. 

Ослонун полиция башчысы Ойвинд Хаммерволд  өлкөсүнүн NRK мамлекеттик телеканалына билдирүү жасады.

Ослодогу мусулман жамааттарына карата коркутуулар тууралуу социалдык медиадан эскертүү алгандарын белгилеген Хаммерволд: «Коркутууларды жасагандарды ачыкка чыгаруу үчүн Норвегиянын Чалгындоо жана Коопсуздук Уюму (PST) менен иштешип жатабыз. Полиция кийинки эскертүүгө чейин курал көтөрүп жүрүүнү жана мечиттерди күзөтүүнү улантат",- деди. 

Норвегияда полиция олуттуу коркутулар  болбосо куралсыз кызмат кылуда. 

 



Тектеш кабарлар