Хизбуллах Израилдин учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

Израиль армиясынан берилген маалыматта да армияга таандык бир учкучсуз учуучу аппаратынын түнкү сааттарда атып түшүрүлгөндүгү белгиленди.

2125715
Хизбуллах Израилдин учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

Хизбуллах Ливан аба мейкиндигин бузган Израилге таандык Хермес  -   450 моделиндеги учкучсуз учуучу аппаратынын атып түшүргөнүн жарыялады. 

Ливандагы Хузбуллах кыймылы тарабынан берилген билдирүүдө 2023 -  жыл  8 -  октябрдан бери Израиль армиясы менен чек ара аймагында болгон кагылышууларда экинчи жолу Хермес  - 450 моделиндеги учкучсуз учуучу аппаратынын атып түшүрлгөндүгү айтылды. 

Бул учкучсуз учуучу аппараттарынын Ливан жерлеринде атып түшүрүлгөнү белгиленген билдирүүдө кенен маалымат берилген жок. 

Израиль армиясынан берилген маалыматта да армияга таандык бир учкучсуз учуучу аппаратынын түнкү сааттарда атып түшүрүлгөндүгү белгиленди. 

Билдирүүдө өзгөчө Израиль армиясына таандык аскердик учактардын Ливандын чыгышындагы Баалбек шаарына жакын Хизбуллахка таандык буталарга абадан кол салгандыгы маалымдалды. 

 



Тектеш кабарлар