Израиль Батыш Шериага карата рейддерин улантууда

Израиль күчтөрү Хеброн, Женин, Наблус, Тубас, Тулкерим, Рамалла жана Жерихо шаарларында операция жүргүздү.

2125689
Израиль Батыш Шериага карата рейддерин улантууда

Израиль күчтөрү оккупация астындагы Батыш Шериада рейддерин улантууда. 

Израиль күчтөрү Хеброн, Женин, Наблус, Тубас, Тулкерим, Рамалла жана Жерихо шаарларында операция жүргүздү.

Рейд учурунда 45 палестиналыктын кармалганы алардын ичинен үчөөсүнүн аял экендиги билдирилди.

Израилдин Газага кол салуу баштаган  2023 -  жыл  7 -  октябрдан бери оккупация астындагы Батыш Шериада камакка алынган палестиналыктардын саны  8 миң  80ге жетти. 

7 - октябрдан бери басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста да палестиналыктарды камоо, рейддер жана кол салуулар көбөйдү.

 



Тектеш кабарлар