Вагнер Африка үчүн жалданма аскер ала баштады

"Вагнер" аскердик фирмасы февраль айынан бери командир Антон Елизаровдун башкаруучулугунда Африка өлкөлөрүнө    жибериле турган ыктыярдууларды алуу башталды.

2125429
Вагнер Африка үчүн  жалданма аскер  ала баштады

"Вагнер" аскердик фирмасы февраль айынан бери командир Антон Елизаровдун башкаруучулугунда Африка өлкөлөрүнө    жибериле турган жалданма аскерлерди алуу башталды.                                         

"Вагнердин" расмий Telegram каналы акыркы айда жыйырмага жакын жумушка алуу жарнактарын жарыялады.

2023 - жылдын мартында "Вагнер" Украина согушуна көңүл буруу үчүн Африкага жалданма аскерлерди алууну убактылуу токтоткон. Эми болсо  согушкерлер Малидеги аскердик операциялар үчүн жиберилүүдө.

Февраль айында Малини де-факто башкарган Ассими Гоита "Вагнер" менен келишим мөөнөтүн узартканы билдирилген.

«Вёрстка» маалымат сайтынын маалыматына караганда, жаңы согушкерлерден чабуулчу бөлүктөр курулат, бир бөлүгү болсо учкучсуз учуучу аппараттардын колдонулушу менен байланыштуу бөлүктөргө багытталат. 

Аскерге алуу бир гана Россияда эле эмес, Белоруста да улантылууда. Гезитке кабар берген маалыматка караганда "Вагнер"  20 - 50 жаш арасындагы эркектер менен 6 айлык келишимдерге кол коюшууда. Кабыл алынгандар айлык  240 миң рубль (болжол менен  2600 АКШ доллары) маяна жана камсыздоо алышууда. Жалданма аскерлердин Украинадагы кагылышууларга караганда аз кооптуу көргөн Африка операцияларга кызыкдар экендиги да белгиленди. 

 



Тектеш кабарлар