Семирүүгө алып келген 2 вариант аныкталды

Кембридж университетинин Медициналык изилдөө кеңешинин илимпоздору Улуу Британиянын Биобанк базасында катталган 500 миңден ашуун адамдын маалыматтарын иликтешти.

2124999
Семирүүгө алып келген 2 вариант аныкталды

Семирүү коркунучун арттырган эки жаңы генетикалык вариант аныкталды.

Nature Genetics журналында жарыяланган изилдөө, семирүү ыктымалдыгын 6 эсеге чейин жогорулаткан жана балдардын салмак кошуусуна таасирин тийгизген башка белгилүү варианттардан айырмаланып, чоң кишилерде гана роль ойногон варианттарды аныктады.

Кембридж университетинин Медициналык изилдөө кеңешинин илимпоздору Улуу Британиянын Биобанк базасында катталган 500 миңден ашуун адамдын маалыматтарын иликтеп, BSN жана APBA1 деп аталган эки гендин варианттарынын чоң кишилерде семирүү коркунучун жогорулатарын аныкташты.

Изилдөөчүлөр белгилегендей, Фасон деп да аталган BSNдеги варианттар диабет жана майлуу боор оорусунун жогорку коркунучу менен байланышкан ар бир 6 миң 500 кишиден 1ине таасир этет.

Timeга маалымат берген изилдөөнүн авторлорунун бири профессор Джайлс Йео, бул ген варианттарын алып жүргөн адамдар улгайганда алардын мээсиндеги нейрондор начарлай баштагандыктан мээдеги тамак-аштын кабыл алынышын көзөмөлдөгөн негизги схемаларды жок кылганын, ошондуктан адамдардын семирүүгө туш болушканын кошумчалады.

Йео бул вариант фармацевтикалык компанияларга профилактикалык дарылоону иштеп чыгууга мүмкүндүк берет деп билдирди.



Тектеш кабарлар