НАТО Европанын тышына кеңейбейт
Йенс Столтенберг альянстын 75 жылдыгына арналган иш-чарада сөз сүйлөдү.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг альянстын 75 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө, максаттарынын Европа менен Түндүк Американын коопсуздугуна көңүл буруу экенин жана иш-аракеттерин бул аймактардын чегинин тышына жайылтууну каалабагандарын айтты.
Столтенберг: «НАТОну глобалдык уюмга айландыруу ниетибиз жок. НАТО мурдагыдай эле Түндүк Америкадагы жана Европадагы альянсына ишенүүнү улантууда»,- деген башкы катчы, Европа менен Түндүк Американын бири-бирине муктаж экенин да баса белгилеп: «Европа өзүнүн коопсуздугу үчүн Түндүк Америкага муктаж. Түндүк Америкага да Европа керек. Европалык өнөктөштөр Американын күчүн алдыңкы армиялары, кеңири чалгындоо тармактары жана теңдешсиз дипломатиялык таасири менен толуктайт»,- деди.
Иш-чараларда Украинанын НАТОго мүчөлүгү да талкууланды. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевдин акыры бир күнү блоктун толук кандуу мүчөсү болорун билдирди. Столтенберг Украинаны колдоо темасынын НАТО өлкөлөрүнүн арасында «бекем» максат катары кабыл алынганын айтты.