Кулеба: "Орусиянын чабуулдарынын максаты Украинаны картадан өчүрүү"

НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барган Кулеба НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушту.

2124860
Кулеба: "Орусиянын чабуулдарынын максаты Украинаны картадан өчүрүү"

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба, Орусиянын чабуулдары "Украинаны картадан өчүрүү идеологиясына кызмат кылат" деди.

НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барган Кулеба НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушту.

Кулеба менен Столтенберг НАТОнун штаб-квартирасында өткөрүлгөн НАТО-Украина кеңешинин алдында биргелешкен билдирүү жасашты.

НАТОнун 75 жылдыгын белгилеп жатканына көңүл бурган Кулеба, Столтенбергге өлкөсүнө берилген жардамга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кулеба сөз сүйлөөсүндө Орусиянын Украинага ракета жана учкучсуз учуучу аппараттар менен чабуулун улантып жатканын белгиледи.

Кулеба, орус армиясынын кечээ кечинде Украинанын Харьков шаарына «Шахед» тибиндеги учкучсуз аппараттар ​​менен катуу кол салганын эске салды.

"Орусиянын системалуу чабуулдары украиналыктарды өлтүрүп, Украинанын экономикасына зыян келтирүүдө. Бул да Орусиянын Украинаны картадан өчүрүү идеологиясына кызмат кылат",-деп айтты.

Брюсселдеги жолугушууларынын алкагында Украинага Patriot абадан коргонуу системаларынын берилиши темасын сүйлөшкөндөрүн белгилеген Кулеба, Орусиянын кол салууларына каршы ийгиликтүү болушу үчүн көбүрөөк Патриот абадан коргонуу системаларына муктаж экенин айтты.

Орусиянын март айында эле Украинага карата 94 баллистикалык ракеталык кол салуу жасаганын белгилеген Кулеба, Патриот сыяктуу системалар менен мындай кол салууларга каршы эффективдүү күрөшүү мүмкүн экенин билдирди.



Тектеш кабарлар