Японияда 6 баллдык жер титирөө катталды

Жер титирөөдөн кийин цунами тууралуу эскертүү берилген жок.

2124576
Японияда 6 баллдык жер титирөө катталды

Японияда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болду.

Япониянын метеорологиялык агенттигинин (JMA) билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Фукусима аймагынын жээгинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 12.16да болгон күчү 6 баллга жеткен жер титирөө 40 чакырым тереңдикте катталды.

Жер титирөөдөн кийин цунами тууралуу эскертүү берилген жок.

Силкинүүнүн бүткүл Фукусимада, Тынч океандын жээгиндеги Ивате, Мияги, Ибараки жана Чиба аймактары менен бирге баш калаа Токиодо сезилгени кабарланды.



Тектеш кабарлар