Түштүк Корея Орусияны көздөй бара жаткан кемени камакка алды

Жетекчилер Пусан портуна жеткирилген кемеде Кытай жана Индонезия жарандары да арасында болгон 13 кишиден турган экипаждын бар экенин билдиришти.

2124359
Түштүк Корея Орусияны көздөй бара жаткан кемени камакка алды

Түштүк Корея, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Кореяга каршы санкцияларын бузган деген шек менен бир кемени камакка алды.

Yonhap агенттигинин маалыматына караганда, Түштүк Кореянын жооптуу кызматкерлери, Түндүк Кореядан жолго чыгып Орусияны көздөй бара жаткан DEYI аттуу жүк ташуучу кемени өлкөнүн түштүк жээгинен өтүп бара жатканда токтоого чакырды.

Желеги жок 3000 тонналык кемедеги адамдар чакырыктан баш тартып жолун улантканда, Түштүк Кореянын Жээк коопсуздук кызматкерлери чара көрүп Йосу шаарынын жээктеринде кемени колго түшүрүштү.

Жетекчилер Пусан портуна жеткирилген кемеде Кытай жана Индонезия жарандары да арасында болгон 13 кишиден турган экипаждын бар экенин билдиришти.

Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин бир өкүлү, кемеге байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Кореяга каршы санкцияларын бузган деген шек менен иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Ошондой эле бул маселе боюнча АКШ менен тыгыз байланышта экендиктерин айтты.

Экипаж жүк сактоочу жайды ачуудан баш тарткандыктан кеменин эмнени алып баратканы азырынча тактала элек.



Тектеш кабарлар