Папа Газада ок атышпоону дароо токтотууну талап кылды

Ватикандын белгилүү  Ыйык Петр аянтында шаршемби күндөрү салттуу жалпы кабыл алуу сессияларын өткөргөн Папа Газадагы акыркы абалдарга баа берди.

2124304
Папа Газада ок атышпоону дароо токтотууну талап кылды

Католиктердин руханий лидери жана Ватикандын президенти Рим папасы Франциск Газада ок атышууну дароо токтотуу талабын кайталады.

Ватикандын белгилүү  Ыйык Петр аянтында шаршемби күндөрү салттуу жалпы кабыл алуу сессияларын өткөргөн папа Газадагы акыркы абалдарга баа берди. 

Адилеттик болбостон тынчтыктын болбой тургандыгын белгилеген Папа : "Жакынкы Чыгыштан кайгылуу кабарлар келүүдө. Газа тилкесинде ок атышууну дароо токтотуу талабымды дагы бир жолу кайталайм. Мен Газада гуманитардык жардам тараткан ыктыярчылардын өлтүрүлүшүнө да тынчсыздануудамын. Чарчаган жана кыйналган калктын гуманитардык жардам алышына мүмүкнчүлүк түзүү жана  барымтадагылардын эртерээк бошотуу чакыруумду да кайталаймын",- деди. 

Рим папасы Франциск  кагылышуулардын аймакка жайылуу коркунучуна көңүл буруп : "Аймактагы кагылышууну тереңдете турган бардык жүрүм  - турумдан алыс болуу керек. Дүйнөнүн көптөгөн жерине өлүм жана кыйынчылык алып келүүнү уланткан бул жана буга окшогон согуштардын эртерээк акырына чыгышы үчүн аракет кылалы, дуба кылалы",- деди. 

 



Тектеш кабарлар