Франция Украинага бронетехника жөнөтөт

La Tribune гезитине маалымат берген Лекорну, Украинага аскердик жардам пакетине байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

2124302
Франция Украинага бронетехника жөнөтөт

Франциянын коргоо министри Себастьян Лекорну, өлкөсүнүн 2025-жылдын башына чейин «жаңы аскердик жардам пакетинин» алкагында Украинага «жүздөгөн» колдонулган бронетехника жөнөтө турганын жарыялады.

La Tribune гезитине маалымат берген Лекорну, Украинага аскердик жардам пакетине байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Француз армиясынын 40 жылдан ашуун убакыттан бери колдонулуп келе жаткан VAB броне унааларын жаңы муундагы унаалар менен алмаштырганын белгилеген Лекорну, мурдагыдай эле иштеп жаткан бронетранспортерлер менен Aster тибиндеги ракеталардын 2025-жылдын башына чейин Украинага жөнөтүлө турганын айтты.

Франциянын Коргоо министри кечээки билдирүүсүндө да, ай сайын өндүрүлгөн Цезарь артиллериялык системаларынын санын 6дан 12ге чыгара тургандарын, жакынкы мезгилде Украинага 78 даана Цезарь бере тургандарын жана ок-дары менен камсыз кылууну көбөйтө тургандарын кабарлады.



Тектеш кабарлар