БУУ Ирандын элчилигине кол салуудан тынчсыздануусун билдирди

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2123976
БУУ Ирандын элчилигине кол салуудан тынчсыздануусун билдирди

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Ирандын Сириядагы элчилигинин имаратынын бутага алынышына байланыштуу Жакынкы Чыгышта болгон окуяларга көңүл буруп, аймактагы чыңалуунун дагы да кеңири аймакка жайылышынан чоң тынчсыздануу бар экенин белгиледи.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Окуядан кийин БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш менен болгон жолугушуулар тууралуу маалымат берген Дюжаррик, Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиандын Гутерриш менен телефон аркылуу байланышка чыкканын айтты.

Дюжаррик баш катчынын сүйлөшүүлөрүн уланта турганын белгилеп: «Аймактагы учурдагы чыңалуунун дагы чоң аймакка жайылышынан абдан тынчсызданып жатабыз»,-деди.

Кечээ Дамасктагы Иран элчилигинин кампусунда жайгашкан консулдук имаратына карай абадан кол салууда Ирандын Төңкөрүш сакчылары армиясынан экөө генерал болгон 7 киши каза болду. Кол салууда 6 сириялыктын да каза болгондугу, жалпы каза болгондордун саны 13кө жеткени белгиленди.

Иран кол салууну Израил кылды деп жарыяласа, Тель-Авив администрациясы унчукпай турганын улантты.

Иран кол салуу үчүн жооп кайтараарын жарыялап, АКШны да жоопкерчиликке тартаарын билдирди.



Тектеш кабарлар