Израиль палестиналыктарды камакка алууну улантып жатат

Күбөлөрдүн айтканына караганда, Израиль аскерлери Батыш Шериадагы Наблус, Рамалла, Хеброн, Бетлехем жана Калкилья шаарларына рейд жүргүзүштү.

2123689
Израиль палестиналыктарды камакка алууну улантып жатат

Израиль аскерлери басып алынган Батыш Шериадагы кээ бир шаар жана айылдарга рейд жүргүзүп, көп сандаган палестиналыкты камакка алды.

Күбөлөрдүн айтканына караганда, Израиль аскерлери Батыш Шериадагы Наблус, Рамалла, Хеброн, Бетлехем жана Калкилья шаарларына рейд жүргүзүштү.

Израиль күчтөрү Наблустун Эски шаар аймагына рейд учурунда кеминде бир палестиналыкты камакка алды жана Наблустун түштүгүндөгү Мадама шаарында көптөгөн үйлөрдү тинтишти.

Калкилья шаары жана анын айланасындагы жерлердеги палестиналыктардын үйлөрүн тинтүүгө алган Израиль аскерлери, шаардын чыгышындагы Аззун жана шаардын түштүгүндөгү Хабле жергесинде 2 палестиналыкты камады.

Жергиликтүү булактардын маалыматына караганда, Израиль армиясы Рамалла жана Хеброн шаарларындагы айыл жергелерине да рейд жүргүзүп, көп сандаган палестиналыкты камакка алды.



Тектеш кабарлар