Испания Палестинаны тааныйт

Педро Санчес үч күндүк Жакынкы Чыгыш сапарынын биринчи аялдамасы Иорданияга бара жатканда учакта журналисттерге билдирүү жасады.

2123387
Испания Палестинаны тааныйт

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Палестина мамлекетин тааный тургандарын билдирди.

Педро Санчес үч күндүк Жакынкы Чыгыш сапарынын биринчи аялдамасы Иорданияга бара жатканда учакта журналисттерге билдирүү жасады.

Санчес Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууларга байланыштуу апрель-июнь айларынын арасында эл аралык коомчулукта маанилүү жылыштардын болоруна ишенгенин белгилеп, келээрки апталарда Бириккен Улуттар Уюмунда Палестинаны толук кандуу мүчө катары таанууга багытталган талкууларга көңүл буруу керектигин билдирди.

Ирландия, Мальта жана Словениянын премьер-министрлери менен ылайыктуу шарттар түзүлсө Палестина мамлекетинин таанылышына байланыштуу кабыл алынган биргелешкен чечимдин жай айынан мурда ишке ашаарын айткан Санчес, өлкөсүнүн эң оболу Палестина мамлекетин таануу чечимин Министрлер кеңешинде кабыл алып, андан соң парламентке сунуштай турганын маалымдады.  

Санчес Израиль менен Хамастын ортосундагы ачык согушта аймактагы тынчтык жана коопсуздукту кепилдөөнүн жалгыз жолунун Палестинаны таануу деп ойлогондугун баса белгиледи.

Испаниянын премьер-министри, Иорданиядан кийин Сауд Арабия жана Катарга барат.



Тектеш кабарлар