Палестинада жаңы өкмөт ант берди

Палестинанын WAFA агенттигинин маалыматына ылайык, өкмөттүн биринчи министрлер кеңешинин жыйынына Махмуд Аббас төрагалык кылып, өкмөткө тапшырмаларын берди.

2123251
Палестинада жаңы өкмөт ант берди

Мухаммед Мустафа башкарган Палестинанын жаңы өкмөтү Газанын «башкаруу программасы» менен президент Махмуд Аббастын катышуусунда ант берди.

Палестинанын WAFA агенттигинин маалыматына ылайык, өкмөттүн биринчи министрлер кеңешинин жыйынына төрагалык кылган Махмуд Аббас, жаңы өкмөттүн милдеттерине оккупацияланган Батыш Шериа, ошондой эле Чыгыш Кудс жана Газа тилкеси киргенин белгилеп, мыйзам чегинде милдеттерин аткарууга толук ыйгарым укуктары бар экенин билдирди.

Аббас өкмөттүн кеңири институционалдык реформаларды жүргүзүүнү жана бардык палестиналыктарга жакшы кызмат көрсөтүүнү максат кылганын белгилеп: «"Газа тилкесинде гуманитардык жардам көрсөтүү аракеттерин көбөйтүү, Газаны жана Батыш Шерианы кайра куруу жана Палестинанын экономикасын жандандыруу үчүн аракет кылабыз»,-деди.

Газага кол салуулар менен Израилдин жана отурукташуучулардын Кудс баш болгон Батыш Шериадагы кол салууларын токтотуу үчүн араб жана эл аралык тараптар менен иштешүүнү уланткандарын белгилеген Аббас: «Саясий максатыбыз эркиндикке, көз карандысыздыкка жетүү жана басып алуудан кутулуу. Ошол эле учурда Палестина мамлекетинин Бириккен Улуттар Уюмуна толук кандуу мүчөлүккө жетишүү үчүн тиешелүү араб жана эл аралык тараптар менен иштешебиз»,-деп айтты.

Палестина жерлерин бириктирүү жана улуттук ынтымакка жетишүү үчүн аракеттерди уланта тургандарын белгилеген Аббас, жаңы өкмөттүн Палестинанын бардык аймактарында, өзгөчө басып алынган Чыгыш Кудста парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүүгө даярданышы керектигин айтты.

Палестина башкаруучулугу 2021-жылы парламенттик шайлоо өткөрүлөөрүн жарыялаган, бирок Израиль басып алган Чыгыш Кудста шайлоо өткөрүүгө уруксат бербегени үчүн шайлоо жокко чыгарылган.

Палестинада акыркы жалпы шайлоо 2006-жылы өткөн.

Израилдин Газага кол салууларынан улам келип чыккан гуманитардык кырсыктан кийин Палестинанын премьер-министри Мухаммед Иштийе 26-февралда 2019-жылдан бери ээлеген кызматынан кеткенин жарыялады.

Палестинанын президенти Махмуд Аббас 14-мартта Палестинанын улуттук фондунун директору Мухаммед Мустафаны жаңы өкмөттү түзүүгө дайындады. Премьер-министр Мустафа 28-мартта Аббаска жаңы кабинетин сунуштады жана Аббас президенттин жарлыгы менен өкмөткө ишеним вотумун берди.



Тектеш кабарлар