Камакка алынган палестиналыктардын саны

Израилдин Батыш Шериа жана Чыгыш Кудустагы рейддерин улантып жатканы белгиленди.

2123263
Камакка алынган палестиналыктардын саны

Израиль күчтөрү басып алынган Батыш Шерианын ар кайсы шаарларына жүргүзгөн операцияларында 4ү аял 22 палестиналыкты камакка алды.

Палестиналык туткундар коому менен Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна караштуу Туткундар жана эркиндикке чыккандар делегациянын биргелешкен билдирүүсүндө, Израилдин Батыш Шериа жана Чыгыш Кудустагы рейддерин улантып жатканы белгиленди.

Израиль армиясынын Рамалла, Кудус, Тулкерим, Женин, Хеброн жана Бетлехем шаарларында жүргүзгөн операцияларында 4ү аял 22 палестиналык камакка алынды.

Кармалгандардын арасында мурда бошотулган палестиналыктардын да бар экени айтылды.

Билдирүүдө Израилдин Газага кол салууларын баштаган 7-октябрдан бери Батыш Шериадагы рейддерде камакка алынган палестиналыктардын санынын 7 миң 920дан ашканы кабарланды.



Тектеш кабарлар