Индиядагы катуу шамалдын кесепети
Шамалдын айынан көптөгөн бак-дарактар жана электр мамылары кулады.
2123165
Индиянын Батыш Бенгалия штатында күн күркүрөгөн шамалдан кеминде 5 адам каза болуп, 300дөн ашуун адам жаракат алды.
Өлкө басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда, кечээ Жалпайгури жана Майнагури аймактарындагы катуу шамал 10 мүнөттөй созулду. Шамалдын айынан көптөгөн бак-дарактар жана электр мамылары кулады.
Кеминде 800 үйдүн зыян тартышына себеп болгон катуу шамалдан улам келип чыккан кырсыктарда, алгачкы маалыматтарга караганда 5 адам каза таап, 300дөн ашуун адам жаракат алды.
Батыш Бенгалиянын башчысы Мамата Банерджи, ооруканада дарыланып жаткан бейтаптар жана каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен жолугушту.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди да X аккаунтундагы билдирүүсүндө каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.