Сириянын Азез районунда теракт болду

Килистин каршысында оппозициянын көзөмөлүндөгү Азезде кыймылдуу көчөдө бир унаага коюлган бомба жарылды.

2122590
Сириянын Азез районунда теракт болду

Сириянын түндүгүндөгү Азез районунда бомба коюлган унаанын жарылуусунан 4 киши каза болуп, 20 киши жараланды.

Килистин каршысында оппозициянын көзөмөлүндөгү Азезде кыймылдуу көчөдө бир унаага коюлган бомба жарылды.

Террордук кол салууда алгачкы жыйынтыктарга караганда 4 жай тургун каза болуп, 20 жай тургун жаракат алды.

Кол салуудан кийин айланада коопсуздук чаралары күчөтүлүп, жаракат алгандар Азез ооруканасына жеткирилди.

Окуя болгон жерде жергиликтүү коопсуздук күчтөрү иликтөө жүргүзүп, кол салуу боюнча тергөө иштерин баштады.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.



Тектеш кабарлар