Террор жактоочулары бул ирет Парижде баш аламандык жаратты

Жикчил террордук уюмдун жактоочулары Шарль де Голль аэропортуна чогулушту.

2121382
Террор жактоочулары бул ирет Парижде баш аламандык жаратты

Франциянын борбор шаары Париждеги Шарль де Голль аэропортунда жикчил террордук уюм ПКК колдоочулары себепкер болгон окуяда 3 киши жаракат алды.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, Франциядан депортация чечими чыккан ПКК мүчөсү Фираз Коркмаздын Түркияга кайтарылышына каршы чыккан жикчил террордук уюмдун жактоочулары Шарль де Голль аэропортуна чогулушту.

Болжол менен 20 кишилик топ, Коркмазды алып кеткен Улуттук Репатриация Биримдигине кол салышты.

Террор жактоочулары менен аэропорттогу жарандык кызматкерлердин ортосунда да чыңалуу болду.

Француз аскерлеринин кийлигишүүсү менен көзөмөлгө алынган окуяда аэропортто иштеген 3 киши жаракат алды.

Коркмаздын Түркияга жөнөтүлгөнү белгилүү болду.



Тектеш кабарлар