Песков: "АКШ көңүлдү башка жакка бурууга аракет кылууда"

Песков «Известия» гезитине маалымат берди.

2121466
Песков: "АКШ көңүлдү башка жакка бурууга аракет кылууда"

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, АКШнын Крокус Сити Холлдогу террордук кол салууга ДЕАШтын жооптуу болушу ыктымалдыгын баса белгилеп көңүлдөрдү башка жакка бурууга аракет кылганын айтты.

Песков «Известия» гезитине берген маегинде: «Тергөө дагы деле уланып жаткандыктан биз бир эле ыктымалдуулукка көңүл бура албасак да, америкалыктардын бир эле ыктымалдуулукту күн тартибинде сактап калууга аракет кылышы таң калыштуу. Бул албетте, дагы бир ыктымалдуулукту жокко чыгарууну каалап жатканын билдирет»,-деди.

Песков АКШ, Украина жана башка өлкөлөрдүн билдирүүлөрү менен эмнени көздөп жатканын түшүнүү үчүн сабырдуу болуп Орусиянын чалгындоо жана тергөө органдарынын ишин бүтүрүшүн күтүү керектигин айтты.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников концерттик залдагы кол салуунун артында АКШ, Британия жана Украинанын турганын жарыялаган.

Жума күнкү кол салууда 140 адам каза болгон.  



Тектеш кабарлар